Өзбекстандагы тарыхый эстеликтердин бири, 1897-жылы ташкенттик генерал Журабек курдурган мечитке маркум Ислам Каримовдун аты берилгенин анын кызы Лола Каримова - Тилляева өткөн айда кабарлаган. Белгилүү болгондой Лола Каримова Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү.
"Уламалар кеңеши жана коомчулук мечитти Өзбекстандын биринчи президенти, менин атам Ислам Каримовдун урматына “Ислам-Ата” деп атоону сунушташты”,- деп жазган Каримова-Тилляева.
Бирок ташкенттик архитекторлор менен реставраторлор Маданий мурастарды коргоо башкармалыгынын тизмесинде турган «Журабек» мечити курулуш нормаларын бузуу менен оңдолгонуна кабатыр болушкан.
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов ушул жылдын 2-сентябрында инсульттан каза тапкан. Ал 78 жашта болчу. 3-сентябрда сөөгү кичи мекени Самаркандда жерге берилген.