Расмий маалыматтарга караганда, 9 адам “терактка түздөн-түз катышкан", 18 жаран “даярдалып жаткан кылмыш туурасында кабар берген эмес, экөө “кылмышкерлерди жашырган”.
Прокуратура тергөө учурунда айыпталуучулар толугу менен күнөөлөрүн моюнга алышканын билдирүүдө. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча кине тагылууда. Куралдуу кол салуу учурунда террорчу катары өлтүрүлгөн 18 шектүү боюнча тергөө амалдары токтотулду. Жабырлануучу деп 101 адам табылды.
Актөбөдө 5-июнь күнү болгон куралдуу кол салууга 26 экстремист катышканы, алардын айрымдары кармалганы кабарланган болчу. Теракт учурунда жана андан кийин жүргүзүлгөн атайын операцияларда 20дан ашуун адам өлүп, 40тайы жаракат алган. Бийлик кол салууну радикалдуу диний топтор уюштурду деп эсептейт.