Ссылки доступа

АКШ элчилигинин ыктымал теракт жөнүндөгү билдирүүсү иликтенүүдө


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан ыктымалдуу теракт тууралуу кабар боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Атайын кызмат элчиликтен маалымат келбегенин, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан билдирүү боюнча эле иликтөө жүрүп жатканын айтууда.

Андан тышкары, Тышкы иштер министрлиги да бул маалыматты териштирүүгө киришкени кабарланды.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өлкөгө келүүнү пландап жаткан жана бул жерде жашаган атуулдарын жеке коопсуздугуна дыкат мамиле жасоого чакырган. Бул тууралуу атайын билдирүү 9-октябрда элчиликтин расмий сайтында жарыяланган.

Билдирүүдө: “АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жергиликтүү бийлик менен чет элдик дипломаттарга каршы террордук чабуул, адамдарды барымтага алуу же уурдоо сыяктуу окуялар октябрь айында болуп кетиши ыктымал деген маалымат алды. Ушундан улам элчилик өз атуулдарын сак болуп, коомдук жайларда коопсуздукту сактап, эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырат. Жергиликтүү бийликтин коопсуздук боюнча көрсөтмөсүн так аткарып, ММКдагы маалыматтардан кабардар болуп туруңуздар. Кандайдыр бир демонстрация же массалык жүрүштөрдөн алыс болуңуз”, - деген көрсөтмө жазылып, элчилик менен байланыш номурлары көрсөтүлгөн.

Бул арада Кыргызстанда октябрь айында террордук чабуул жасалып, адамдарды барымтага алуу сыяктуу окуялар болушу ыктымалдыгын Улуу Британиянын Бишкектеги элчилиги да эскертти. Мындай билдирүү элчиликтин Фейсбуктагы расмий баракчасына 9-октябрда жазылды. Билдирүүдө Кыргызстанда жүргөн британиялыктарды этият болууга чакырган.

XS
SM
MD
LG