Ссылки доступа

«Грузин кыялы» шайлоодо жеңишке жетишти


Грузияда 8-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил “Грузин кыялы” партиясы жеңгени расмий кабарланды.

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, аталган партия 48,6 % жакын добуш топтогон. Экинчи орунду экс-президент Михаил Саакашвилинин “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясы ээледи. Оппозициядагы бул партия 27% добуш алды. Калгандарынын тагдыры бир мандаттуу округдарда чечилет.

“Грузин кыялы” партиясы 8-октябрда шайлоо аяктары менен эле өздөрүн жеңүүчү катары жарыялаган. Оппозициядагы партиялар административдик ресурс колдонулганын айтып жатышат.

Эл аралык байкоочулар болсо добуш берүү жакшы уюштурулганын билдиришти. Алар шайлоодо жалпысынан эркиндик жана атаандаштык болгонун баса белгилешти. Бирок үгүт маалындагы айрым мыйзамсыз шайлоо кампаниялары жана кыйноо аракеттери саясий өнөктүккө өз таасирин тийгизгенин айтышты.

Парламенттик шайлоого катышууга 19 партия жана алты блок каттоодон өткөн. Мамлекетте үч жарым миллион адам шайлоо укугуна ээ. Жарандар 150 депутатты төрт жылдык мөөнөткө шайлашты. Аларга мандат ноябрда берилет.

XS
SM
MD
LG