Ссылки доступа

Түркмөнстан Азия темир жол коридорун ачууга даярданууда


Түркмөнстан ноябрда Азия эл аралык темир жол коридорун ишке киргизет. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов буга байланыштуу атайын өкмөттүн жыйынын өткөрдү. Анда Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жолунун Атамурат-Имамназар (Түркмөнстан)-Акина (Ооганстан) тилкесинин курулушу туурасында сөз жүрдү. Негизинен бул жол башта Азия эл аралык темир жол коридору деп аталган.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун пикиринде, Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жолу Азия темир жол коридорунун кезектеги “алтын тогоосу” болмокчу. Ал - Европа менен Азияны бириктирген унаа-байланыш түйүнүнүн маанилүү эл аралык сегменти.

Мамлекет жетекчисинин айтымында, темир жол коридору жана мунай өнүмдөрүн жүктөп жөнөтүүчү терминалы ноябрда колдонууга берилет. Иш-чара БУУ Ашхабадда өткөрө турган туруктуу транспорт системасына арналган глобалдык конференцияга туш келмекчи. Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан трансулуттук темир жолунун курулушу 2013-жылы башталган.

XS
SM
MD
LG