"112-Украина" телеканалынын эфиринде Климкин Украина менен Орусиянын ортосундагы экономикалык байланыштар жакынкы убактарда Донбасстагы согушка чейинки деңгээлге көтөрүлбөстүгүн белгиледи.
Анын айтымында, согушка чейин Орусия менен товар алмашуу көлөмү 37 пайызды түзсө, учурда анын көлөмү 5 гана пайызга жетет.
Киев КМШдагы мүчөлүгүн токтотуу ниети тууралуу 2014-жылдын февралында билдирген. Кийинчерээк украин ТИМи экономикалык байланыштарды дароо үзүү мүмкүн болбогондуктан, шериктештикке катышуунун минималдуу деңгээлин сактап калуу чечими тууралуу жарыялаган.