Ссылки доступа

Тажикстанда аңчылык сезону башталды


Тажикстандын өкмөтү быйылкы анчылык сезонунда сейрек кездешүүчү жаныбарларды атууга 1 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү квота бекитти. Тизмеде – «Марко Поло» памир аркарынан 85 баш, тоо текеден 8 жана бухара тоо кочкорунан үч баш бар.

Алсак, "Марко Поло" аркарларына аңчылык кылуу үчүн чет өлкөлүк мергенчи 45 миң сомони, тоо теке үчүн 223 миң сомони төлөшү керек болот.

Тажикстандын Айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин өкүлү Жамшед Ватанов квоталарды чет өлкөлүк туристтерге турларды уюштурган компаниялар сатып алышарын билдирди. Анын айтымында, өткөн жылкы аңчылык сезонунда чет өлкөлүктөр тоо теке атууга 6 жана «Марко Поло» аркарын атууга 67 сапар уруксат алышкан.

Жыл сайын сейрек кездешкен жаныбарларга аңчылык кылуунун эсебинен өлкө бюджетине 5 миллион сомони түшүп турат. Эки жыл мурда «Марко Поло» аркарына мергенчилик кылуудан түшкөн 2 миллион сомони Рогун ГЭСин курууга багытталган. Орточо эсеп менен бир аңчылык сезонунда түшкөн каражат өлкөдөгү 13 миң мугалимдин маянасын төлөп берүүгө кеткен чыгымды жабат.

Тажикстанда аңчылык сезону күзүндө башталып, кыштын ортосуна чейин созулат. Жазында жана жайында мергенчилик кылууга тыюу салынган, анткени ал мезгилде жаныбарлардын туут мезгили болот.

XS
SM
MD
LG