Ссылки доступа

Назарбаев Иордания королуна сыйлык берет


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өзү негиздеген «өзөктүк куралсыз дүнүйө жана глобалдык коопсуздук үчүн» сыйлыгынын лауреты Иордания королу Абдалла II болгонун билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери жазышты.

Маалымдалгандай, жаңы сыйлык жөнүндө Назарбаев чет өлкөлүк элчилерге ишеним грамоталарын тапшыруу маалында айтты.

«Өзөктүк куралсыз дүнүйө курууга кошкон салымы үчүн мен атайын сыйлык белгилөө чечимин кабыл алдым», — деди Назарбаев.

«Казинформ» агенттигинин билдиришинче, казак президенти аталган сыйлыкты тапшыруу үчүн атайын комитет түзүү жана аны жыл сайын 29-августта, Семей ядролук полигону жабылган күнү ыйгарып туруу пландалып жатканын айтты.

ММКлар алгачкы сыйлык тапшыруу иш-чарасы мамлекет жана өлкө башчылары катышкан Астанадагы саммит маалында ноябрда болушу мүмкүндүгүн билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG