Ссылки доступа

Дүйшөмбү мечиттеринде коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө (видео)


Мындан ары Дүйшөмбүдөгү борбордук мечитке киргендер жардыруучу заттарды аныктай турган металл издөө жабдуусу менен текшерилет. Хожи Якуб мечитине алынып келинген жабдуулар жакынкы күндөрү анын кире беришине орнотулат.

Дүйшөмбүнүн борбордук мечитиндеги коопсуздук чараларын күчөтүү иштери калаа жетекчилигинин чечимине ылайык жүргүзүлүүдө. Мэриянын билдиришинче, чечим терроризмге каршы күрөшүү тууралуу мыйзамдын алкагында кабыл алынган жана андай иштер башка мечиттерде да башталат.

В центральной мечети Душанбе установили камеры наблюдения
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00

Тажикстан ислам борборунун Уламалар кеңешинин фатва бөлүм башчысы Жамолиддин Хомушинин айтымында, текшерүү жабдуулары орнотулгандан кийин аларга күч органдары менен мечиттин кызматкерлери тараптан көзөмөл жүргүзүлөт.

Андан сырткары Хожи Якуб мечитине кошумча көзөмөл камералары орнотулат. Алар мечит аймагындагылардын кандай гана аракети болбосун күнү-түнү тартып алып турушат. Айрым адамдар мечиттерге камералардын орнотулушун дин тутуу эркиндигин бузуу катары эсептешүүдө.

Тажик бийлиги «Ислам мамлекети» жана башка экстремисттик топтор тараптан коркунучтар күчөп жатканын эскертип, укук коргоо органдары буга чейин ондогон террордук актылардын алдын алганын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG