Ссылки доступа

Укук коргоочу Нодия Мурад Вацлав Гавел сыйлыгынын лауреаты болду


Укук коргоочу Нодия Мурад адам укуктары тармагындагы көрүнүктүү ишмердүүлүк үчүн ыйгарылчу Вацлав Гавел сыйлыгынын төртүнчү лауреаты болду.

Нодия Мурад «Ислам мамлекети» тобунун согушкерлери тарабынан кыйноолорго кабылып, кул катары пайдаланылган Ирактагы езиддер коомчулугунун активисти болуп эсептелет.

Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы 10-октябрда Страсбургда өткөн атайын салтанатта ага 60 миң евро өлчөмүндөгү сыйлык берди.

Үч ай «Ислам мамлекети» террордук уюмунун согушкерлеринин колунда кулчулукта болгон Мурад 2014-жылы Германияга качып кете алган. Ошондон бери ал белгилүү укук коргоочуга айланып, БУУнун ыктыярдуу элчиси болгон. Мурад сексуалдык кулчулук менен адам сатууга кабылган езиддер коомунун оор абалы тууралуу дүйнөгө жарыялап чыккандардын алгачкылары болгон.

Гавел сыйлыгын тапшырууда серб журналисти Гордан Игрич менен Адам укуктары боюнча эл аралык институт/Рене Кассиндин фонду да финалист болушкан.

XS
SM
MD
LG