Ссылки доступа

Ташкент зоопаркында Алатау аттуу акыра пайда болду.


Ташкент зоопаркын биринчи жолу жираф байырлай турган болду.

Маалымдалгандай, үч жаштагы жаныбарды Алматы зоопаркы белекке берген.

Жирафка ысым ыйгаруу үчүн зоопарктын сайтында атайын тандоо жүргүзүлгөн. Ага эң көп добуш топтогон Алатау аты ыйгарылган. Анын атасы Хан, энеси Грация жана баласы Сулу 2003-жылы Түштүк Африкадан алынып келинген. Бул жылдар аралыгында алардан 12 акыра туулду. Ташкентке Алатау аман-эсен жетип, жаңы жерге ык алып, колдон берилген жер-жемиштерди, акациянын жана кара жыгачтардын бутактарын тамшанып жеп жатат. Жирафты Шахзода аттуу кызматкер кароодо.

XS
SM
MD
LG