Ссылки доступа

Эң таасирдүү 500 мусулмандын тизмесине Түркмөнстан менен Тажикстандын башчылары кирди


Аммандын ислам стратегиялык изилдөөлөр борбору тарабынан түзүлгөн дүйнөнүн эң таасирдүү 500 мусулманынын кезектеги «The Muslim 500-2017» тизмеси жарыяланды. Рейтингди түзүүгө Жоржтаундагы Мусулман-христиандык өз ара түшүнүшүү борбору колдоо көрсөткөн. Бул тууралуу түркмөн ММКлары жазышты.

Рейтингге таасирдүү мусулман окумуштуулар, саясатчылар, диний ишмерлер, руханий насаатчылар, ишкерлер, искусство, маданият адамдары, спортчулар, атактуу адамдар, ошондой эле Куранды жатка айткандар киргизилген.

Тизменин сап башына Египеттеги «Аль-Азхар» университетинин имамы, шейх Ахмад Мухаммад аль-Тайиб жазылган. Кийинки саптарда Иордания менен Марокконун королдору Абдулла II ибн аль-Хусейн менен Мухаммед IV, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Ирандын руханий лидери аятолла Сайид Али Хаменеи жайгаштырылган.

Эң таасирдүү мусулмандардын катарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов жана Чеченстан республикасынын башчысы Рамзан Кадыров бар. Андан сырткары тизмеге Өзбекстандын муфтийи Усман Алимов, Тажикстандын Уламалар кеңешинин башчысы Сайидмукаррам Абдулкодирзоду жана Бразилиядагы Олимп оюндарынын алтын медалынын ээси Дилшод Назаров (Тажикстан) киргизилген.

Ислам стратегиялык изилдөөлөр борбору дүйнөнүн эң таасирдүү мусулмандарынын тизмесин 2009-жылдан бери түзүп келет. Тажикстан президенти ал тизмеге үчүнчү, Түркмөнстандын президенти экинчи жолу киргизилүүдө.

XS
SM
MD
LG