Ссылки доступа

Кабулда храмдагы атышуудан 14 адам набыт болду


Шейшембиде Кабулдагы храмда сыйынып жаткандарга карата куралчан адам ок чыгарып, кеминде 14 адам курман болду.

Алардын ичинен 13ү жай тургун, бирөө полициячы экенин, 36 адам жаракат алганын Ички иштер министрлиги билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги болсо 43 киши атышуудан жараат алып, ооруканага жеткирилгенин кабарлады.

Кол салуу жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8де болгон. Күбөлөр жардыруу ок атуу менен коштолгонун айтышты.

Алгач үч киши кол салды деп жатышкан, бирок кылмыш болгон жерге келген атайын бөлүктүн аскерлери бир гана жоочуну жок кылышты.

XS
SM
MD
LG