2016-жылдын 29-сентябрында Жогорку Кеңеш референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Документке 94 депутат "макул", 11 депутат "каршы" добушун берген.
Мыйзам долбоорун 90 эл өкүлү демилгелеген. Бийлик сунуштап жаткан Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өтөрү айтылууда. Азыр тийиштүү мыйзамдар талкууланып жатат.
Жарандык активисттер жана оппозициядагы саясатчылар Конституцияны өзгөртүү – бийликтин ыйгарым укуктарын бекемдерин белгилеп, ага каршы болуп жатышат.