Ссылки доступа

Өзбекстандын бардык облустарында логистикалык борборлор курулат


Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Шавкат Мирзиеёв 11-октябрда Сурхандарья облусуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Сапардын алкагында Шавкат Мирзиеёв «Термез карго центр» аттуу ири бажы терминалына барды. Эл аралык логистикалык борбордун бул долбоору Ооганстан менен кызматташууга багытталган.

Бажы терминалынан сырткары ишкананын аймагында 300 жүк унаасын токтотуу жайы, контейнерлерди сактоо кампалары, май куюу жайлары жана жайлуу мейманкана бар. Андан сырткары ишканага чейин темир жол салынган.

Өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүү үчүн бул сыяктуу логистикалык борборлорду республиканын башка облустарында да куруу пландалууда.

XS
SM
MD
LG