Барак Обама Марска учуу пландары тууралуу президент болуп келгенде эле билдирген. Президенттик мөөнөтү аяктап калган Обама планеталар аралык экспедицияларды уюштуруу үчүн мамлекеттин да, жеке компаниялардын да аракети талап кылынарын айтууда. Жакынкы эки жылдын ичинде коммерциялык компаниялар биринчи жолу Эл аралык космос станциясына астронавттарды жөнөтүшөт.
Президенттин планы боюнча кийинки кадам катары адам Жерден алыстыкта узак убакыт жүрүүгө көнүп кеткидей жасалма ареалдарды түзүү керек.
Учурда коммерциялык космонавтика менен Илон Масктын Марска 2025-жылы экспедиция жөнөтүүнү пландап жаткан SpaceX компаниясы жана Blue Origin, Orbital ATK компаниялары алектенишет. Бир канча күн мурда Boeing корпорациясынын башкы менеджери Деннис Мюленбург Марска барчу алгачкы адам алардын фирмасы тарабынан даярдалган ракета менен жеткириле турганына ишенерин билдирген.