Ссылки доступа

Ак ордо: Назарбаев апта соңуна чейин эл аралык жолугушууларга катышпайт


Ушул жуманын аягына чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев буга чейин пландалган эл аралык иш-чараларга катышпайт. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Айдос Укибаев билдирди.

Анын айтымында, президенттин иш планына «айрым өзгөртүүлөр» киргизилип, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Еревандагы жыйынына Казакстан премьер-министри катышмай болду.

«Сыркоолоп калганына байланыштуу президент пландык дарылануудан өтүүдө», деди Укибай. Ал жалпысынан Назарбаевдин саламаттыгы үчүн «тынчсызданууга негиз жок экенин» кошумчалады.

Армениянын президенттик администрациясы маалымдагандай, ЖККУнун 14-октябрдагы саммитине катышуу үчүн Назарбаев Ереванга 13-октябрда барышы керек болчу.

Кийинки күндөрү Назарбаев адаттагы иш планына ылайык ишмердүүлүк жүргүзөт деп кошумчалады Укибай.

XS
SM
MD
LG