Анын айтымында, америкалык чалгындоо Орусия АКШдагы саясий системаны туруксуздаштырууга кызыктар деп эсептейт.
Эрнест АКШ өкмөтү өзүнүн добуш берүү системаларын коргоо үчүн кыйла ресурсун жумшай турганына америкалыктар ишенсе болорун айтты.
"Ички коопсуздук департаменти өз системаларын бекемдөө үчүн 30дан ашык өлкө менен иштешип жатат", – деди Ак үйдүн басма сөз катчысы.