Ошону менен катар суу ресурстарын 15-20%, үрөөн чыгымдарын 30-35%, күйүүчү-майлоочу материалдардын көрсөткүчүн 20-25% чейин үнөмдөө пландалууда. Муну менен айыл чарба өнүмдөрүнүн өздүк наркы азайып, фермерлердин кирешеси артат. Өзбекстанда 2012-жылы айыл чарба өндүрүшүн техникалык жана технологиялык жактан жаңылоо боюнча беш жылдык мамлекеттик программа кабыл алынган.
Докментте кол эмгектин көлөмүн азайтуу, инновациялык технологияларды колдонууга артыкчылык берүү каралган. Анын ичинде пахта терүүчү 60тан ашуун техника жана технологиялык жабдууну чыгаруу каралган.
Республикада көпчүлүк пахта сорттору техниканын жардамы менен чогултууга ылайыкташкан. Мындай ак алтындын түрлөрү арттырып, жакынкы келечекте 1 миллион гектарга чейин жеткирүү пландалууда. Өзбекстандын Айыл жана суу чарба министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылга чейин пахтанын 80 пайызын атайын машиналар жыйнап баштайт.