Ссылки доступа

Алматылык журналист кол салууга кабылды


Алматыда белгисиз адам журналист  Ирина Медниковага кол салды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Окуя 12-октябрь күнү кечинде жүрналист жашаган үйдүн жанында болгон. Кол салган киши аны тизелери канагычакты жер менен сүйрөп, машинага уруп, сумкасын жулуп алып качып кеткен.

“Казакстан Жаштар маалымат кызматы” коомдук уюмунун директору Медникованын айтымында, сумкада Атырауда өтө турган медиа иш-чарасына арналган материалдар жана документтер бар болчу. Анын пикиринде, кол салуу журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу.

Кол салуу фактысы боюнча “Тоноочулук” беренеси менен сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Ирина Медникова оппозициялык «Республика» гезитине макала жазчу. Аталган редакция жана анын журналисттери 2000-жылы басылма ачылгандан бери куугунтукка кабылып келет. Казакстанда ал “экстремисттик гезит” деп табылган жана соттун чечими менен ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG