Ссылки доступа

БУУ Кыргызстандагы укук коргоочулардын абалына тынчсыздануусун билдирди


БУУнун Жогорку комиссарынын адам укуктары боюнча башкармалыгы мамлекеттик органдар тарабынан укук коргоочуларга карата терс билдирүүлөр менен коркутуулардын көбөйгөнүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу уюмдун Борбордук Азиядагы башкармалыгынын билдирүүсүндө айтылат.

Маалымдалгандай, жакында белгилүү эки укук коргоочу ЕККУнун Кадыржан Батыров барган Варшавадагы жыйынына катышканы үчүн айыпталган. Парламент депутаттары укук коргоочулардын ал аракетине баа берүүнү талап кылууга чейин барышкан.

Билдирүүдө белгиленгендей, 2015-жылдан тарта укук коргоочулар түрдүү аракеттер үчүн бутага айланып келет. Ал гана эмес Ошто укук коргоочулардын кеңсеси менен үйлөрү тинтүүгө алынган. Ошондой эле анда калаа башчысы белгилүү укук коргоочуну «шаар душманы» жана «саткын» деп атаган.

«Кыргызстандын бийлиги укук коргоочулардын укуктарын, анын ичинде БУУнун укук коргоочулар тууралуу декларациясында жана Кыргызстан тарабынан 1994-жылы ратификацияланган Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык документте айтылган пикирин эркин билдирүү, тынчтык чогулуштарды өткөрүү укуктарын коргоого милдеттүү», - деди БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбордук Азиядагы өкүлү Ришард Коменда.

Ал Кыргызстан 2015-жылы БУУнун укук коргоочулардын ролу тууралуу резолюциясына кол койгон аймактагы жалгыз өлкө экенин жана бул республикага пайда гана алып келерин белгиледи.

XS
SM
MD
LG