Ссылки доступа

Тажикстанда аталыкты ДНК-анализ аркылуу текшере башташты (видео)


Тажик эркектерин ДНК-анализ тапшырууга түрткөн башкы себептер — жубайына ишенбөө жана өзүнүн чынында ата экенинен күмөн саноосу. Тажикстанда мындай анализдер жыл башынан бери жүргүзүлүп, андан бери аталыкты аныктоо боюнча 40 тест өткөрүлгөн. Анализдин баасы 3500 сомонини түзөт.

ДНК-анализдерди өткөрүү жабдуусу Улуттук генетикалык экспертиза борборуна орнотулган. Анализ тапшырууга негизинен өзүнүн ата экенинен күмөн санагандар келишет. Арасында узак убакыт бою чет өлкөлөрдө жүрүп, алар жокто төрөлгөн наристелердин чынында эле баласы экенин текшергиси келген эмгек мигранттары да бар.

Лаборант-генетик Зубайда Кавракова биологиялык аталык боюнча жүргүзүлгөн ДНК-анализдердин жыйынтыктарынын дээрлик бардыгы тең оң натыйжа берерин айтат. «Адатта аялдар баланын атасы күмөн санап жаткан киши экенине ишенишет. 20 аялдын бирөөсү гана баласынан атасы ким экенинен жаңылат», – деди ал.

ДНК-анализ: в отцовстве своего ребенка ошибается лишь одна женщина из 20
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

Тажикстанда ДНК-анализ ушул жылдын январынан тарта, Улуттук генетикалык экспертиза борборунун түзүлүшү менен өткөрүлө баштады. Юристтердин айтымында, ага чейин айрым тажик үй-бүлөлөрүндө аталыкка байланышкан чыр-чатактар болуп, алардын көбү ажырашып, алимент төлөткөндөн кийин гана тынчып келишкен.

Эксперттер эмгек миграциясы Тажикстандагы миңдеген адамдардын жашоосунун жакшырышына жардам бергенин, бирок анын терс жактары да бар экенин айтып жүрүшөт. Алар жубайлардын телефон аркылуу ажырашуулары, кызганычтан улам жасалган кылмыштар жана туруксуздук көбөйгөнүн белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG