Судья Тулешовдун иши башка сотто каралып жатканын жүйө кармап, доо арызды четке какты.
Сотто мамлекеттик айыптоочу активисттер 24-апрелде Атырауда жер реформасына каршы митингге элди чакырып, ММКларды колдонуу менен социалдык кастыкты козуткан деген бүтүмүн окуду. Бокаев менен Аян баштан бери эле бул кинелерди четке кагып келишет:
— Казакстанда жарандарга тынч жыйындарды өткөрүү укугу берилген. Эгер мыйзамдын күчү жок болсо, анда анын деги кереги барбы? Мени эмне себептен күнөөлөп жатышканын түшүнгөн жокмун,— деди Макс Бокаев.
Талгат Аян болсо өз жерин коргоп чыгышканы үчүн аларды кылмышкер кылып көрсөтүп жатышканын айтты.
Акивисттер быйыл жазында өткөн жер реформасына каршы нааразылык акцияларынан кийин камалышкан.