Ссылки доступа

Антониу Гутерреш БУУнун Баш катчылыгына дайындалды


Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы бейшембиде уюмдун Башкы катчылыгына Португалиянын мурдагы премьер-министри Антониу Гутеррешти дайындады.

Жаңы жетекчи кызматына 2017-жылдын 1-январында киришет. БУУнун Башкы Ассамблеясынын ишине 193 мамлекет катышат.

67 жаштагы Гутерреш БУУну он жылдан бери жетектеп келген Пан Ги Мундун ордун ээлейт.

Гутерреш 1995-2002-жылдары Португалиянын өкмөтүн жетектеп турган. 2005-жылдан 2015-жылдын декабрына чейин Качкындар мекемесин башкарган.

XS
SM
MD
LG