Ссылки доступа

Петербургда бир жыл мурун көз жумган ымыркай Умаралини эскеришти


Санкт-Петербургда бир жыл мурун чарчап калган тажикстандык Умарали Назаровду эскеришти.

Ага 30дан ашуун адам келди.

Бир жыл мурун миграциялык режимди бузган тажик аялды полиция жана миграция кызматынын өкүлдөрү кармап, анын беш айлык баласына көзөмөлсүз калган деген протокол толтурушуп, ооруканага жөнөтүшкөн. Наристе белгисиз жагдайларда көз жумган.

Пикетте Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Борис Вишневский сөз сүйлөдү. Ал Умаралинин иши боюнча бир нече жолу прокуратурага, тергөө комитетине, шаардык администрацияга билдирүү жөнөткөн. Бирок эмчектеги баланы энесинен ажыратуу канчалык деңгээлде мыйзамдуу деген суроого так жооп ала алган эмес.

Вишневскийдин пикиринде, бала менен энеге карата жасалган ырайымсыз кылмышка карата үлгү боло турган жаза бербөө үчүн далбас урулууда.

Жабырлануучу катары табылган Умаралинин ата-энесин жактаган адвокат кайрадан экспертиза жүргүзүүнү талап кылып, Страсбург сотуна жетүүгө ниеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG