Ссылки доступа

Татьяна Каримова шаардык мечитке Кааба жабуусун тапшырды


Өзбекстандын биринчи президентинин жесири Татьяна Каримова жана анын кызы Лола Каримова-Тилляева Ташкенттеги “Минор” мечитин зыярат кылышты. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.

Алар мечиттин айланасын жакшыртуу иштери менен таанышып, Ташкенттин башкы имам-хатиби Анвар-кори Турсунов менен жолугушту.

Татьяна Каримова Ташкенттеги "Минор" мечитине Кааба дубалын жаап турган, алтын жиптер менен кооздолгон жибек жапкычты тапшырды. Аны Ислам Каримов 1992-жылы кичи ажылык кылуу үчүн Меккеге барганда Сауд Арабия королу белекке берген. Бул кисва Кабада бир нече жылдар бою сакталганы айтылат.

“Минор” мечитинин курулушу 2013-жылы башталып, 2014-жылы 1-октябрда ачылыш аземи болгон.

XS
SM
MD
LG