Ссылки доступа

Тажикстан менен Орусия экономикалык байланыштарды «жандандыруу» аракетинде


Тажикстан менен Орусиянын парламенттер аралык форуму тажик экономикасына салынган орусиялык инвенстициянын көлөмү кыйла төмөндөп кеткен учурда өтүүдө. Расмий маалыматтар боюнча 2015-жылы инвестиция көлөмү андан мурдагы жылга салыштырмалуу 24 пайызга аз болгон.

Дүйшөмбүдө 13-октябрда башталган «Тажикстан менен Орусия: аймактар ортосундагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү» аталышындагы парламенттер аралык бешинчи форумда эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Орусиянын Федерациялар кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко каатчылыкка карабастан экономикалык кызматташтыкты күчөтүү жана миграция маселелерин чечүү зарылдыгы бар экенин айтты. Ал өлкөлөр ортосундагы товар алмашуу көрсөткүчтөрү төмөндөп жатканына өкүнүп, 2018-жылга чейин Тажикстан менен Орусиянын өкмөттөр аралык комиссиялары ал байланыштарды жандандырышы керектигин белгиледи.

Матвиенко Тажикстан жашылча-жемиштерди орус базарына сатууга даярдыгын билдиргенин, Орусия болсо Тажикстандан айыл чарба азыктарын «ортомчуларсыз» импорттоо жараянын жөнгө салууга кызыктар экенин айтты.

Ал ортодо Орусиянын Федерациялар кеңешинин агрардык комитетинин төрага орун басары Сергей Лисовский тажик айыл чарба азыктарынын сапаты жакшы болгону менен транзиттик экспорттоо технологияларынын талаптарына жооп бербей турганын айтты. Ал эгер Тажикстан Евразиялык экономикалык коомчулукка мүчө болуп кирсе, анда тажик продукциясын экспорттоо үчүн шарт түзүлүп, аларды Орусияга бара жаткан жолдогу өлкөлөрдө текшерүү зарылдыгы жоюларын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG