Ссылки доступа

Түркмөнстанда президенттик шайлоо 12-февралда өтөт


Түркмөнстанда кезектеги президенттик шайлоо кийинки жылдын 12-февралында өтөт. «Түркмөнстандын президентин шайлоо күнүн белгилөө тууралуу» тиешелүү токтомду өлкө парламенти кабыл алды. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Президенттик шайлоого Түркмөнстандын демократиялык партиясы, Өнөр жайчылар менен ишкерлер партиясы жана Агрардык партиянын катышары кабарланууда.

Акыркы жолу Түркмөнстандын президентин шайлоо 2012-жылдын февралында өткөн. Анда Гурбангулы Бердымухамедов үчүн шайлоочулардын 97,14 % добуш берген.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү өлкө башчысы Гурбангулы Бердимухамедовдун өмүрүнүн аягына чейин шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк берген Баш мыйзам кабыл алынгандан бир ай өткөн соң жарыяланды. Быйыл 14-сентябрда Түркмөнстандын Аксакалдар кеңеши сунушталган өзгөртүүнү жактаган.

Кабыл алынган өзгөртүүгө ылайык, президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылып, талапкерлерге 70 жашка чейин катышууга жол ачылган. Президент Бердымухамедов кабыл алынган мыйзамга ошол эле замат кол койгон. Экинчи президенттик мөөнөтү 2017-жылы аяктай турган 59 жаштагы Бердымухамедов үчүн жаш мөөнөтүн чектөө кайрадан шайлоого катышууга тоскоолдук болуп жаткан.

Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылдан бери Түркмөнстанды башкарып келатат. Бул өлкөдө бир дагы жолу шайлоо демократиялык жол менен өтпөгөнү жана Түркмөнстан эң эле катаал көзөмөл астындагы мамлекет экени айтылып келет.

XS
SM
MD
LG