Ссылки доступа

Украина чыгышындагы жикчилдердин командири — «Моторола» өлтүрүлдү


«ДНРдин Коргоо министрлигинен» «Моторола» каймана аты менен белгилүү Арсен Павловдун өлтүрүлгөндүгүн ырасташты. Ал «ДНР элдик кошууну» делинген топтун командирлеринин бири болгон. Буга чейин анын өлүмү тууралуу жеке булактарына шилтеме кылуу менен "Интерфакс" агенттиги жазган.

«Интерфакстын» булагынын билдиришинче, Павлов жашаган үйдүн лифтинде жардыруучу зат ишке киргизилген. Жарылуу болгон жерде жүргөн Моторола оор жараат алып, көп өтпөй каза болгон.

Анын маалыматы боюнча кол салууга «украин диверсиялык-чалгындоо тобу» шектелүүдө. "Моторолага" быйыл июнда да кол салуу уюштурулган.

Павлов «ДНРдин» эң чуулуу талаа командирлеринин бири болгон. Укук коргоочулар Орусиянын жаранын туткунга түшкөн украин аскерлерин кыйноого жана Донецк аба майданынын коргоочусу Игорь Брановицкийди өлтүрүүгө айыптап келишет.

Ал жикчилдердин жетекчилиги тарабынан «Георгий крести» (өзүн республика деп атап алган топтун башкы аскердик сыйлыгы) жана «Аскердик эрдиги үчүн» ордени менен сыйланган.

XS
SM
MD
LG