Ссылки доступа

Өлкөдө башка динге өткөндүгү үчүн маркум эки жолу жерге берилди


Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар, имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйө менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай, туугандары башка жерден жай табышты.

76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиева 13-октябрда таң эрте көз жумган. Анын кызы Жылдыз Азаеванын айтымында, апасынын сөөгүн айыл мүрзөсүнө койдуртпай коюшкан. Ал акимчиликке, жергиликтүү кеңештин депутаттарына да кайрылган. Бирок сөөктүн мусулмандар мүрзөсүнө коюлушуна эң ириде райондун имамы каршы чыккан жана ал 14-октябрда жоон топ адам менен келип, Жылдыз Азаеваны ислам динине кайт деп мажбурлап, ачык эле кодулап-мазактаган. Ошол жерде таш бараңга алуу тууралуу да сөз болгон:

- "Ушул диниңден кайтасың, кайрадан мусулманчылыкты кабыл аласың" деп мажбурлашты. Анын баарын видеокамерага тартып алышты. Мен апам үчүн макул болдум. Мени аябай мажбурлашты, башкаларга да сабак болсун дешти. Келме айт деп, айта албай калсам "айта албайт турбайсыңбы" деп райондун имамы мазактады. Келмелерди айтып, динимден кайтарып алгандан кийин “бизге жер бересиңерби, табыт эки күндөн бери турат, жыттанып да кетти” десек “жок, биз жер бербейбиз, корооңорго көмгүлө, эмне кылсаңар ошону кылгыла” деди. Эч кимдин башына ушундай түйшүк салбасын,-деди Жылдыз Азаева.

Райондун имамы Шумкар ажы Чыналиев болсо мазактады деген дооматты четке кагып, 14-октябрдагы маркумдун үйүнүн алдындагы окуяны түшүндүрүү иштери деп атады.

Көп өтпөй Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн жашырганга жер табылды. Бирок Өрүктү айылына таандык жерге сөөк жашырылгандан кийин ал жерде да жергиликтүү тургундар чогулуп келип каршы чыкканы, натыйжада туугандары сөөктү кайра казып алганга мажбур болгону, аягында башка айылдагы христиан дининдегилердин мүрзөсүндө жерге берилгени маалым болду.

XS
SM
MD
LG