Бул станция Вахдат шаарында жайгашкан. Тажикстандын Геология жана сейсмология институту билдиргендей, ал жердин термелүүсүн дайым каттап гана турбастан, бардык табигый кыймылдардын болгон жерин так аныктап турат.
«Симигандж» станциясынын жаңы жабдуулары АКШ жана Канаданын көмөгү менен бир миллион сомониге алынган. Ал жүз метрлик тоннелде орнотулган. Станция бир жума тесттик негизде иштеди, учурда онлайн режиминде бардык жер титирөөлөрдү көрсөтүп турат.
Тажикстан Геология жана сейсмология институтунун директору Илхомжон Оймухаммадзоданын айтымында, бул станция дүйнөдө болуп жаткан бардык табигый кыймылдарды эсепке алат.
“Жабдуу биз жасаган арышты дагы белгилейт. Жабдуудагы маалымат тоннелдин ичиндеги биринчи компьютерге берилип, андан геофизикалык жана башка тиешелүү кызматтарга жөнөтүлгүчөктү болгону бир секунд кетет ”,-деди ал.
Бардык жабдуулар күнү-түнү иштейт. Атүгүл электр энергиясы берилбей калган учурда дагы анын дүрмөттөрү системаны бир жыл электр энергия менен камсыздоого кудуреттүү.