Ссылки доступа

Кыргыз-өзбек чек ара маселесин өкмөттүк деңгээлде чечүү сунушталды


Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев кыргыз-өзбек чек ара маселесин өкмөттүк деңгээлге көтөрүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жумушчу топ деңгээлинде калтыруу туура эмес, анткени алардын белгилүү бир маселелерди чечүүгө ыйгарым укуктары жок.

«Өкмөттүк деңгээлде жолугушуу болушу шарт. Жумушчу топ мурдагы сүйлөшүүлөрдө такталган жерлер жөнүндө эле сүйлөп жатышпайбы. Демаркация жана делимитация боюнча өкмөт башчылардын орунбасарлары эки өлкөдө тең бар. Жолугушууларга ошолор катышуусу керек», - деп эсептейт Маматалиев.

Эки өлкө ортосундагы бир топ жыл муздап турган мамиле соңку кездери жанданган. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара боюнча жумушчу топтору быйыл сентябрь айынан бери үчүнчү ирет жолугушту.

Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым. Аны 320 чакырымы тактала элек. Мындан улам ар кандай чыр-чатактар болуп турат.

XS
SM
MD
LG