Трамп Путинге суктанарын жана Вашингтон менен Москванын чыңалган мамилелерине өкүнөрүн билдирди.
Анын пикиринде, маселе Путин АКШ президенти Барак Обаманы такыр сыйлабагандыгында. Бул тууралуу Трамп Майкл Сэвидж менен болгон ток-шоу учурунда айтты. Трамп катастрофалык кырдаал түзүлгөнүн кошумчалады.
"Эгер мен 8-ноябрда жеңишке жетишсем, Путин менен кызматыма кирише электе жолукмакмын”,- деди Трамп. АКШ президенттигине талапкер мындан тышкары шайлоолордогу көз боемочулуктар АКШнын шайлоо системасына олуттуу коркунуч жаратарын билдирди. Ал добуш берүү бурмаланышы мүмкүн экенин эскертти.