Ссылки доступа

Берлинде «норманд форматындагы» жолугушуу өтөт


Шаршемби күнү кечинде Берлинде «норманд төрттүгү» деп аталган Германия, Франция, Украина жана Орусия өлкө башчыларынын жолугушуусу өтөт.

Бул тууралуу Германия канцлеринин кеңсесине шилтеме кылуу менен AP агенттиги билдирүүдө. Ангела Меркелдин өкүлү Штеффан Зайберт Берлинге төрт өлкөнүн башчысы, анын ичинде Орусия президенти Владимир Путиндин да барарын кабарлады.

Бул 2014-жылы Украинанын чыгышындагы жаңжал башталгандан бери Путиндин Берлинге жасаган алгачкы сапары болот. Франция президентинин айтымында, Берлиндеги жолугушууда Украина чыгышындагы кризисти чечүү боюнча кадамдар талкууланат.

Сүйлөшүүлөр Брюсселде өтө турган ЕБ саммитинин алдында болгону жатат. Анда биримдик менен Орусиянын мамилеси, ошондой эле анын Донбасстагы ролуна байланыштуу Москвага каршы киргизилген санкциялар тууралуу сөз болот. Учурдагы санкциялардын мөөнөтү ушул жылдын соңунда аяктайт.

Брюсселдеги эки күндүк саммитте Орусиянын Сириядагы ролунун талкууланышы күтүлүүдө. Өткөн аптада Орусиянын Сириядагы аракеттери Франциянын катуу сынына кабылып, Путин Парижге болгон сапарын токтоткон.

XS
SM
MD
LG