Ссылки доступа

Прагада АКШ сайттарына чабуул жасоого айыпталган орусиялык жаран кармалды


Прагада АКШ сайттарына кибер чабуул жасоого шектелген Орусия жараны кармалды. Бул тууралуу Чехия полициясы кабарлады. Орусиялыктын ысымы аталган жок, бирок аны Интерпол издеп жүргөнү маалым болду.

Чехиянын криминалдык иштер менен күрөшүү полициясынын тергөө бөлүмү операцияны ийгиликтүү жүзөгө ашырган. Аларга АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) көмөк көрсөткөн. Сот шектүүнү камакка алуу чечимин чыгарды.

Орусия жараны Праганын борборундагы мейманканалардын бириндеги ресторанда кармалган. Полициячылардын келиши күтүүсүз болгондуктан, ал эч кандай каршылык көрсөткөн эмес жана эс-учун жоготуп койгон. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Эми Чехияда сот шектүү жаранды АКШга кайтаруу маселесин чечүүсү керек. Орусия бийлиги бул тууралуу эч кандай комментарий бере элек.

Октябрдын башында АКШ өкмөтү президенттик шайлоо өнөктүгү алдында Демократиялык партиянын маалымат базаларына жасалган хакердик чабуулдар үчүн Орусияны расмий түрдө күнөөлөгөн. Себеби америкалык саясатчылардын электрондук сүйлөшүүлөрү DCLeaks жана WikiLeaks сайттарына жарыяланып кеткен. Москва айыптоолорду четке каккан.

XS
SM
MD
LG