Ссылки доступа

Ташкентте кыргыз-өзбек кызматташтыгы боюнча программага кол коюлду


Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери кызматташтык тууралуу 2016-2017-жылга программага кол койду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Ташкентте жолукту. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды. Тараптар түрдүү деңгээлдерде эки тараптуу байланыштарды активдештирүүгө кызыктар экендиктерин белгилешти.

Абдылдаев Өзбекстан борборуна Ислам кызматташтык уюмунун жыйынына катышуу үчүн барган.

Жолугушунун жыйынтыгында кызматташтык тууралуу программага кол коюлду.

XS
SM
MD
LG