Ссылки доступа

Өзбекстанда куралчан киши адамдарга карата ок чыгарды


Өзбекстандын Шахрисабз шаарында түрмөдөн чыккан киши пистолет менен үч адамга ок чыгарган.

42 жаштагы Батыр Хакимов пистолет менен 58 жаштагы Абдували Каюмов жана анын 29, 33 жаштардагы уулдары Жасур жана Жамшидди аткылаган. Алар Шахрисабз шаарынын базарындагы дүкөндөрдүн бирин оңдоп жатышкан. Жабырлануучулар тез жардам унаасы менен шаардык ооруканага жеткирилген.

Шаардык акимчиликтин билдиришинче, адам өлтүрүү жана башка оор кылмыштар менен үч жолу түрмөгө отуруп чыккан, Кара-Батыр каймана аты менен белгилүү киши базарда иштеп жаткан ата-балдардан кол чайкоого суу сураган. Бирок уулдардын бири суу жок экенин айтып, колун арыктан жууну сунуштаган. Андан соң алардын ортосунда жаңжал чыгып кеткен. Атасы менен балдары Кара-Баатырды күрөк менен сабап ташташкан. Ошондон кийин ал машинасынан пистолет алып чыгып, аларды аткан. Бир ок Жамшиддин курсагына тийген, абалы орто, калган экөө буттарынан жеңил жаракат алышкан.

Батыр Хакимов камалды, ага карата тергөө амалдары жүрүп жатат. Милицияга ал пистолетти таанышынан алганын айткан. Учурда бул пистолетке байланыштуу дагы эки адам кармалды.

XS
SM
MD
LG