Ссылки доступа

Тажикстанда УКМК кызматкерлери жарандардын үйлөрүнө уруксатсыз кирүү укугун алды


Тажикстандын парламенти «Улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөр менен толуктоолорду бекитти.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймуъмин Ятимов «террористтердин жашыруун аракет көргөнүнө байланыштуу күч түзүмдөрү да куралды жашыруун пайдаланууга мажбур экенин» айтты.

Ятимов белгилегендей, «өзгөртүүлөр боюнча УКМК кызматкерлери соттон уруксат кагазын алуу үчүн убакыт аз болгон учурларда террорчулар, кылмышкерлер же барымтадагылар жашырынган имараттарга кирип баруу укугуна ээ болушат».

Тажикстанда турак-жай кол тийбестиги бар. Бирок террордук коркунуч жаралган учурда тургундардын коопсуздугу үчүн УКМК уруксатысыз эле үйлөргө кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Эгер укук коргоо органдары кирип барган үйдө жай тургундар болуп калса, анда мыйзам боюнча келтирилген чыгым бийлик тарабынан төлөнүп берилет.

XS
SM
MD
LG