Ссылки доступа

АКШ Орусия Сириядагы америкалык учактарды бутага алышы мүмкүн деп эсептейт


Эгер АКШ менен анын союздаштары карапайым адамдарды коргоо үчүн Сирия аба мейкиндигинде учууга болбой турган аймактарды түзсө, анда Орусия президенти ал аймактардагы режимди камсыздап жүргөн америкалык учактарды атып түшүрүү буйругун бериши мүмкүн. Мындай божомолун АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын башчысы Жеймс Клаппер билдирди.

«Орусия тарап биздин учактар алардын кургактагы күчтөрүнө коркунуч жаратып жатат деп эсептешсе, анда америкалык учактарды жок кылуу аракеттерин көрүшү мүмкүн деп ойлойм», - деди Клаппер Сырткы саясат боюнча кеңештин жыйынында. Ал Орусиянын Сирияга жайгаштырылган зениттик-ракеталык комплекстерин заманбап натыйжалуу курал деп атады. Айтымында, эгер Орусиянын ал куралдарды пайдалануу ниети жок болсо, аларды Сирияга алып барбайт болчу.

Сирияда учууга болбой турган аймактарды түзүү идеясы кызуу талкууланууда.

Демократиялык партиядан АКШ президенттигине талапкер Хиллари Клинтон ал идеяны колдоп жатат. Анын пикиринде, андай аймактын түзүлүшү жай тургундарды коргоп, жаңжалды токтотууга жакындоого жардам берет.

Альтернатива катары Чалгындоо кызматы менен Пентагондун эксперттери сириялык оппозицияга курал жеткирүүнү сунуштап жатышат. Бирок президент Обама ал идеяны ишке ашырууга даяр эмес.

XS
SM
MD
LG