Ссылки доступа

Астана жалпы декларация тапшырууну 2020-жылга жылдырды


Парламент мажилиси биринчи окууда жалпы декларация тапшыруу мөөнөтүн 2017- жылдан 2020-жылга жылдыруу боюнча өзгөтүүлөрдү жактырды.

Казакстандын улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев жеке жактардын кирешелерин жана мүлктөрүн декларациялоо 2020-жылга жылдырылганын билдирди. Мындай чечим маалымат системасы толук иштелип бүтпөгөндүктөн кабыл алынды.

Декларацияны бир этап менен 2020-жылдан тарта тапшыруу да пландалууда.

Каржы министрлиги иштеп чыккан алгачкы мыйзам боюнча кирешелерди декларациялоонун биринчи этабы 2017-жылы ишке кирмек. Мал-мүлкү тууралуу маалыматтарды алгач мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, соттор жана алардын жубайлары андан кийин улуттук компаниялардын административдик персоналы жана мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери тапшырмак.

Карапайым жарандар 2020-жылдан тарта декларация толтуруп башташмак.

XS
SM
MD
LG