Ссылки доступа

БУУ: быйыл мигранттар арасында курмандыктардын саны эң жогору болот


Быйыл Европа биримдигине мүчө өлкөлөргө жетүүгө аракет кылган мигранттардын арасында курмандыктардын саны эң көп болушу мүмкүн. Бул туурасында БУУнун качкындар иши боюнча башкармалыгынын өкүлү Уильям Спиндлер билдирди.

Быйыл Жер-Ортолук деңиз аркылуу өтүүгө аракет кылган 3740 киши каза болгон, бул 2015-жылга караганда болгону 30 гана адамга аз. Мындай көрүнүштөр мигранттар агымынын кескин азайганына карабастан болууда. Өткөн жылы деңиз аркылуу Европа жээктерине жетүүгө аракет кылган миллионго чукул адам катталган. Быйыл жыл башынан бери алардын саны 330 миң кишиге гана жетти. Мигранттар үчүн Ливия менен Италиянын ортосундагы деңиз каттамы эң кооптуу болуп калган.

БУУ өкүлүнүн айтымында, ага мигранттарды деңиз аркылуу өткөрүүнү уюштуруп келген аткезчилердин тактикасынын өзгөрүшү себеп. Алар көбүнчө кооптуу кемелерди пайдаланып, бир эле маалда миңдеген адамдарды жөнөтүшөт. Андан сырткары мигранттар үчүн кыйла коопсузураак эсептелген Түркия аркылуу Грецияга өтүү каттамы да качкындардын агымын азайтуу максатында ЕБ менен Түркия ортосунда келишимге кол коюлгандан кийин дээрлик жабылган.

БУУнун адисттери качкындардын кагылышуулар болуп жаткан аймактардан качуусу үчүн коопсузураак жолдорду ачууга үндөшүүдө.

XS
SM
MD
LG