Ссылки доступа

Тажикстан парламенти кризиске кептелген банктардын маселесин талкуулады


Тажикстанда акыркы айларда жарандар банктардан накталай акчаларын ала албай жатышат. Бул маселе өлкөнүн парламентинде талкууланды. Төмөнкү палатанын спикери Улуттук банктын башчысына кайрылып, жыл соңуна чейин маселени чечүүнү талап кылды.

«Элдер балдарына турак-жай сатып бериш үчүн жылдап акчаларын чогултуп, банкта сакташты. Бирок банкка келгенде: “бир жумадан кийин келип, 500 сомони алып кет” деп жооп берип жатышат”, -деди парламент спикери Шукурджон Зухуров.

Учрда Тажикстанда «Тожиксодиротбанк» жана «Агроинвестбанк» оор күндөрдү баштарынан кечирүүдө. Спикер эгер бул маселелер чечилбесе башка банктар дагы ушундай абалга кептелерин билдирди. Улуттук банк төрагасы ​Нурмухаммадзоданын айтымында, жарандарга берилген насыялардын 57% кайтарылбай, көйгөй жаратууда. Буга байланыштуу банктар кардарларына каражаттарды төлөп бере албай жатышат.

Коммерциялык банктардын маселелерин чечүү үчүн үч ай мурун жумушчу топ түзүлгөн. Абалды жөнгө салуу үчүн түшкөн сунуштарды жумушчу топ өкмөткө жөнөткөн.

Парламенттин төмөнкү палатасы төлөм маселелерин жөнөкөйлөтүү менен катар Улуттук банктын функцияларын кеңейте турган жаңы мыйзамды колдогон.

XS
SM
MD
LG