Ссылки доступа

Орусия Сириядагы мектепти аткылоого айыпталууда: 22 окуучу жана 6 мугалим өлдү (фото)


Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин мектептин аткыланышын «үрөй учурган окуя» деп атап, ал боюнча Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүн күтө турууну сунуштады.

Шаршембиде Сириянын Идлиб провинциясында жайгашкан Хаас шаарындагы мектептин аткыланышынан 22 окуучу жана алты мугалим курман болду. Ал аймак козголоңчулардын көзөмөлүндө.

Куткаруучулар менен байкоочулардын өкүлдөрү мектептин аткыланышына Сириянын армиясы же орус аскерлери күнөөлүү экенин билдиришүүдө. Куткаруучулар мектепке ракета менен сокку урулганын айтып жатышат.

Сириянын мамлекеттик телеканалында көрсөтүлгөн репортажда Сирия бийлиги Хааста куралдуу козголоңчулар менен согушуп жаткандыгы жана анда канча согушкер өлтүрүлгөндүгү баяндалган. Бирок мектептин аткылангандыгы тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Энтони Лейк мектепте балдардын каза болгонун ырастады. Анын айтымында, бул Сирияда согуш башталган 2011-жылдан берки эң көп окуучунун өмүрүн алган кол салуу болду.

"Бул трагедия, бул өтө жаман иш. Эгер ал атайылап жасалган болсо, анда ал аскердик кылмыш", - деп билдирди Лейк.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин мектептин аткыланышын «үрөй учурган окуя» деп атап, Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий комментарийин күтө турууга чакырды.

Азырынча Орусиянын Коргоо министрлиги бул боюнча билдирүү жасай элек.

XS
SM
MD
LG