Ссылки доступа

Обама Эрдоганды ИМге каршы аракеттерди координациялоого үндөдү


АКШ президенти түрк лидерин «Ислам мамлекети» террорчул уюмуна каршы күрөшүүдө Түркия менен Ирактын аракеттерин координациялоого үндөдү.

АКШ президенти Барак Обама менен түрк лидери Реджеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө ИМ согушкерлерине каршы Түркия менен Ирактын аракеттерин бириктирүү маселесин талкуулашты.

Акүйдөн билдиришкендей, эки өлкөнүн лидери тең Ирактын эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн колдой тургандыктарын ырасташты.

Обама «Түркия менен Ирактын ортосундагы уланып жаткан диалогду кубаттаганы» кабарланууда. Ошондой эле АКШ лидери ИМ тобуна каршы сириялык оппозицияны колдоп жаткандыгы үчүн Түркияга ыраазычылык билдирип, америкалык жана түркиялык аскерлердин кызматташуусунун зарылдыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG