Ссылки доступа

Орусия Нидерландыга Донбасстагы МН17 каттамынын кулашы боюнча маалымат берди


Орусия Украинанын чыгышында 2014-жылдын июлунда кулаган “Малайзиялык авиалиниянын” MH17 каттамы боюнча маалыматты Нидерландыга берди. Бул туурасында голландиялык жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.

Нидерландынын коопсуздук жана юстиция министри Ар ван дер Стёр документтердин топтому 26-октябрда Москвадагы Нидерланды элчилигине берилгенин тастыктады. Министрдин айтымында, кеп радиолокациялык маалыматтар жөнүндө болуп жатат. Бирок бул чын эле башта Орусия берүүгө убада кылган маалыматтарбы жана тергөөгө жардам береби, муну катастрофаны иликтеген эл аралык комиссия аныктайт.

Амстердамдан Куала-Лумпурга учуп бара жаткан "Боинг-777" учагы 2014-жылы 17-июлда Украинанын чыгышында жанжал болуп жаткан зонанын үстүндө атып түшүрүлгөн. Окуяда борттогу 298 адамдын баары курман болгон.

Сентябрдын соңунда Нидерландынын прокуратурасынын жетекчилиги алдындагы Эл аралык тергөө тобу иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктарын ачыкка чыгарган. Баяндамада “Боингди” аткан “Бук” зениттик-ракеталык системасы Украинага Орусиядан алынып келингени айтылган. Рактета кое берилген Первомайский кыштагы орусиялык жикчилдердин көзөмөлүндө болгон. Бирок кол салуу алардын демилгесиби же орусиялык аскерлер координациялаганбы, али белгисиз. Баяндамага ылайык, шектүүлөрдүн тизмесине 100дөй адам кирет.

Кремль баяндама “акыркы чындык” эмес экенин айтып, тергөөчүлөрдүн бүтүмүн “болжолдуу” деп атаган.

XS
SM
MD
LG