Ссылки доступа

Астанада террорчулукка каршы машыгуулар өтүүдө


Астана полициясы шаарда терроризм актысынын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча машыгуулар өтүп жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери жазышты. Машыгуулардын жүрүшүндө ыкчам штабдын тапшырмаларды аткарууга даярдыгы текшерилет.

Машыгуулар түрдүү кыйын элементтерди камтыган согуштук шарттарга жакындаштырылган.

Астана полициясы шаар тургундарын дүрбөлөңгө түшпөөгө жана тынчтыкты сактоого чакырды.

Бул акыркы апта ичинде Астанада өткөрүлүп жаткан «террорчулукка каршы экинчи машыгуу». Машыгуу өткөрө тургандыгы жөнүндө полиция өткөн жумада, 21-октябрда билдирген.

Казакстанда июндан бери террордук коркунучтун «сары» чеги күчүндө. Ал бийлик тарабынан теракт деп аталган Актөбөдөгү бир нече жолку кол салуулардан кийин киргизилген.

XS
SM
MD
LG