Ссылки доступа

Чеченстан башчысы Кадыров мас айдоочуларды террорчуларга теңеди


Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров имам-молдолорго кайрылып, мас абалында жол кырсыгына кабылып каза болгон айдоочулардын тажиясын тейлөөгө тыюу салды.

"Эгер мас айдоочу жол кырсыгына кабылып, өзү өлүп же башканы өлтүрсө анын жаназасын диний ишмерлер тейлебейт жана элдештирүү жараяндарына ортомчулук кылышпайт. Коомчулук бул адам атайлап кылмыш жасаганын түшүнүшү керек. Ал террордук акт жасады", – деди Кадыров.

Кадыров мындан тышкары республикада алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салбаганын, мыйзам буга жол бербестигин, ичимдиктен оолак болууга кеңеш гана бере аларын тактап өттү. Кадыров бул маселеге каршы динди, салт-санаа жана менталитетти гана колдоно алышарын белгиледи.

30-ноябрда аймактагы ишкерлер Чеченстан парламентинин төрагасы Магомед Даудов менен жолугушкандан кийин лицензиялары бар экенине карабай, спирт ичимдиктерин сатуудан баш тартышканы маалым болгон. Спикер алар өз каалоолору менен мындай ишмердүүлүктү токтотушканын айткан.

Даудов жыйынды ала күү айдоочунун айынан жети киши курман болгон авариядан кийин өткөргөн. Чеченстанда 2009-жылдан бери Кадыровдун спирт ичимдиктерин таңкы саат 8ден 10го чейин гана сатууга уруксат берген жарлыгы иштеп келет. Рамазан жана Нооруз майрамдарында алкоголду күн-түн дебей сатууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG