Ссылки доступа

Кыргызстан менен Казакстандан барган 30 тонна азык Орусияга киргизилген жок


Орусияга Кыргызстан менен Казакстандан барган 31,3 тоннадан ашык азык-түлүк киргизилген жок. Бул тууралуу Россельхознадзордун Новосибирск облустук башкармалыгынан билдиришти. Жүк «Карасук» өткөрмө бекетиндеги фитосанитардык көзөмөл маалында кармалган.

Кыргызтан менен Казакстандан алынып бара жаткан азык-түлүк Новосибирскте сатылмак. Алма, лимон, бадыраң, күрүч, ит мурундун мөмөсү, өрүк данектери, жер жаңгак жана жаңгактан турган 9,842 тонналык жүктүн фитосанитардык коопсуздукту ырастоочу документтери болгон эмес.

Кыргызстандан 21,5 тонна кургатылган жемиш жасалма сертификатын коштоосу менен алынып бара жаткан.

Азыктарды Орусиянын аймагына киргизүүгө тыюу салынып, кайра артка кайтарылды.

Фитосанитардык документтеринин жоктугунан улам Россельхознадзор Орусиянын аймагына кыргыз азыктарынын мурда да киргизбей койгон учурлар катталган.

XS
SM
MD
LG