Ссылки доступа

Түштүк Корея парламенти президенттин импичмент маселесин карайт


Түштүк Кореянын парламенти апта соңунда президент Пак Кын Хеге импичмент жарыялоо маселесин карайт. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирет.

Маселени талкуулоо 9-декабрга белгиленген. Импичмент үчүн эл өкүлдөрүнүн үчтөн эки бөлүгү добуш берүүсү керек. Эгер сунуш колдоо тапса, маселени Конституциялык сот жарым жыл аралыгында карайт.

Түштүк Кореянын башчысы Пак Кын Хенин рейтинги анын курбусу мамлекеттик саясатка кийлигишери туурасындагы маалымат ММКларга жарыялангандан кийин төмөндөп кеткен.

Президенттин бир нече жардамчысы дагы ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы үчүн айыпталып камалган. Пак Кын Хе бул окуялар боюнча эл алдында кечирим сурап, бирок кызматын таштап кеткен эмес.

XS
SM
MD
LG