Ссылки доступа

Түркмөнстанда президенттикке тогуз талапкер катталды


Түркмөнстанда 12-февралда өтө турган президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин саны тогузга жетти. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Бул аптада Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер катары Мары аймагынын башчысы Жуманазар Аннаевди, Сейдин мунай иштетүү заводунун директору, межлис депутаты Рамазан Дурдыевди, Дашогуз аймак башчысынын орун басары Меретдурды Гурбановду, Ахалск аймагынын экономика жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Сердар Желиловду жана мамлекеттик «Гарабогазсульфат» концернинин башкы директору Сулейманнепес Нурнепесовду каттап, бардыгына президенттикке талапкер күбөлүгүн тапшырды.

Ага чейин өлкөнүн учурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов, «Рысгал» банкынын башкы директору жана парламент депутаты Бекмурат Аталиев, Түркмөнстандын Агрардык партиясынын Мары аймактык комитетинин төрагасы Дурдыгылыш Оразов, жана Мамлекеттик тамак өнөр жай ассоциациясынын төрагасы Максат Аннанпесов талапкер катары катталган.

25-декабрда Бердымухамедов шайлоо алдындагы программасын мамлекеттик телеканал аркылуу тааныштырып, артып калган эфирдик убактысын башка талапкерлерге бере турганын айткан.

XS
SM
MD
LG